Суббота, 23 ноября

Атамбаев менен Абдукадырдын кучакташкан сүрөтү чындык

0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Хабибулла Абдукадыр менен түшкөн сүрөтүн Factcheck.kg текшерди. Сүрөт анализделинген жана андан монтаждоонун эч кандай белгилери табылган эмес.

Жакында интернет тармагына Атамбаев менен Абдукадырдын жарыяланган сүрөтүн соцтармактардын колдонуучулары жасалма деп чыгышкан. Айрымдар мурдагы президенттин моюну, курсагы жана колу чындыкка окшобой, жасалмага көбүрөөк жакындашып жатканын кеп кылышкан.

Эске салсак Хабибула Абдукадыр деген ысым бизге Азаттык редакциясынын иликтөөсүнөн кийин белгилүү болду. Кытайлык ишкер Айеркен Саймаити өлүмүнүн алдында Кыргызстандан чыгарылган миллиондогон долларлар Хабибула Абдукадырдын компаниялары аркылуу адалданып турганын билдиргенге үлгүргөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз