Бишкектеги банктардын биринин филиалы белгисиз бирөөлөр тарабынан тонолду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка караганда, тоноо фактысы бүгүн эртең менен катталган. Анда айтылгандай тонолгон банк Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Бирок атылышы азырынча так жарыялана элек.
Алдын ала алынган маалыматтарда белгисиз жарандар жеке күзөт агенттигинин кызматкерин сабап, акчасын алышканы жана аларда ок атуучу курал болгону айтылууда.