Өкмөттүн жигердүү иштей албай жатканы жана отставкага кетишинин зарылчылдыгы тууралуу кайрадан сөз болду. Парламенттин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев өкмөттүн отставкага кетишин талап кылды.
“Өкмөт кетирген кемчиликтерин моюнуна алсын. Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган министр кабинети отставкага кетиши керек”, — деп депутат маселени кабыргасынан койду.
Аталган комитеттин жыйынына бүгүн өкмөт мүчөлөрү катышты.
Жээнчороев Кыргызстанга Кытайдан киргизилип жаткан контрабандалык товарлар боюнча бир катар суроолорду берди эле өкмөт мүчөлөрү так жооп бере алышпады. Бул депутаттын ачуусун келтирди. Жооп бере албаган аткаминерлерге суроо узаткан өзүн келекелеп да алды.
“Жооп ала албаганымдан кийин суроо бериштин кандай зарылчылдыгы бар. Өкмөттүн эрки жок, демилгеси да жок. Бизге ушундай өкмөт керекпи деген суроону парламентте караш керек. Ишкерлер буларга ишенбейт, ишкерчилик менен алектенишпейт, салык төлөшпөйт, мунун баары өкмөттүн айыбы”, — деди Мирлан Жээнчороев.
Кыргызстанда бир канча айлардан бери убак-убагы менен өкмөттү кетирүү маселеси көтөрүлүп келатат. Абылгазиевдин өкмөтү күзүндө тарайт деген да божомол чыккан. Бирок мезгил күздөн өтүп кышка таяды. Айрым эксперттер өкмөттүн алмашылбаганын мурдагы мамлекет башчылары кайсы бир чуулгандуу маселеде өкмөттү курмандыкка чалып, өзүнөн айыпты алыстатуу аракетин көрүп келгенин, ал эми учурда бир өкмөттүн туруктуу иштеп жатканы бийликтин туруктуу саясатка басым жасаганынан кабар берээрин айтышат.