ЕАЭБ Кыргызстанга пайда алып келбесе анда анын катарында жүрүүнүн кереги жок. Мындай пикирин депутат Кенжебек Бокоев экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди.
Ал ЕАЭБге кирүү алдында бир топ убадалар берилгенин эске салды. Айтымында ал убадалдын бири да бүгүнкү күндө аткарылган жок. Мисалы биримдиктеги өлкөлөр арасында товарларды тоскоолдуксуз жүгүртүү айтылган бирок Казакстандан күйүүчү майды алып келүү учурда мүмкүн эмес. Ошондой эле өлкөлөр арасында акча каражаттары тоскоолдуксуз жүгүртүлөөрү да белгиленген.
“Бул дагы аткарылбады. Чектөө гана бар. Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин бардык фронтто утулду. Айрыкча бул айыл чарба жаатында болду. Россия менен Казакстандан Кыргызстанга мал алынып келсе болот да Кыргызстандан чыгарылса болбойт?” – деди депутат.
Белгилей кетсек Кыргызстандын ЕАЭБге киргенине төрт жылдын жүзү болду. Өкмөт бул биримдикке кошулуудан Кыргызстан утканын, негизинен ИДП өсүп, алынган салыктардын көлөмү көбөйгөнүн, кыргызстандык мигранттар которгон акча каражаттарынын суммасы жогорулаганын айтууда.