Өкмөт айдоочулук күбөлүк берүүдө жарандардын жаш курагын узартуу боюнча мыйзамды демилгеледи. Бул тууралуу бүгүн парламенттеги тармактык комитетте Юстиция министрлигинин өкүлү баяндама жасады.
Маалыматка караганда аны Адилет, Транспорт жана жолдор министрлиги биргеликте жол коопсуздугун камсыздоо, кырсыктардын санын азайтуу максатында иштеп чыккан. Ага ылайык айдоочулук күбөлүктөр жарандарга 18 жаштан кийин гана берилет, ал эми элди ташыгандардын сөзсүз түрдө тиешелүү категорияда үзгүлтүксүз 5 жылдык стажы болушу шарт. Бул мыйзам долбоору депутаттардын нааразы пикирин жаратты. Депутат Сайдолимжон Джураевдин айтымында күбөлүк берүүдө жаш өзгөчөлүгүнө өзгөртүү киргизүү менен эле жол кырсыктарын азайтуу мүмкүн эмес.
“Мурда айдоочулук күбөлүк алыш үчүн билим алышчу. Андан кийин сынак тапшырып күбөлүк алышчу. Азыр болсо эл авто мектептерге барышпай, акчасын берип документти сатып эле алып жатышат. Ушунун жыйынтыгында жолдо авариялар көп болуп жатат. Биз болсо муну жаш өзгөчөлүгүнө шылтап жатабыз. Менимче бул эч нерсени өзгөртпөйт. Авто мектептерди иреттеш керек”, — деди Джураев.