Суббота, 23 ноября

Жеке менчик мектептерди жабуу сунушталды

0

Айдоочулукка окуткан жеке менчик мектептерди жабуу сунушталууда. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары бүгүн комитеттин жыйынында көтөрүштү.
Эл өкүлү Рыскелди Момбековдун айтымында автомектептерге уруксат кагазын Билим берүү жана илим министрлиги бергени менен аларда лицензияны кайра артка чакыртып алуу механизмдери жок.

“Жол кырсыктарынын санынын өсүшүнө документтердин туш келди сатылып жатканы себеп болууда. Кыргызстанда айдоочулукка окуткан жеке мектептерди ачуу шарттары жеңил. Мындан улам алардын саны өсүп бирок сапаты төмөн бойдон калууда. Ошондуктан күбөлүк берген менчик окуу жайларды жоюп, кайрадан айдоочуларды даярдаган мурдагы “ДОСААФ” мектептерин жандандыруу зарыл”,-дейт депутат.

Талкуунун жыйынтыгында эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоорун четке кагып, өкмөт мүчөлөрүн экинчи бул мыйзамды Жогорку Кеңешке алып келбөөгө чакырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз