Пятница, 22 ноября

Депутаттар жаңжалдашты, себеп эмнеде?

0

Жогорку Кеңеште депутаттар кезектеги жолу талашып-тартышып жатышат. Талаш Кыргызстандагы орчундуу маселелер боюнча эмес, адаттагыдай сен күнөөлүү – мен күнөөлүү өңүтүндө. Депутаттар учурдагы кырдаал, Азаттык редакциясынын иликтөөсүндөгү фактыларга айыптууларды өздөрүнүн арасынан издеп, күнөөнү бири бирине төңкөрүп жатышат.
Алгач эл өкүлдөрү жабыла Ирина Карамушкинаны жемеге алышты. Андан кийин Бакыт Төрөбаев асылуу адаты ушул убакка чейин калбай келатканын белгиледи.

“Бир убактарда баары мага асылып башташкан. 2010-жылдан кийин эмне болбосун бакиевчилерге төңкөрүп салмайды үйрөндүк. Беш жыл бою бирдеме болсо мага асылгандар көп болду. Эми Бакиевдин кеткенине тогуз жыл болду. КСДПнын мүчөлөрү жаңы президентти бийликке алып келишти. КСДП тандаган талапкер бийликке келди, биз шайлоодон утулуп калдык. Азыркы бийликке биздин тиешебиз жок. Ага карабай кайрадан КСДПнын мүчөлөрү тополоң кылып жатасыңар. Кыргызстанда териштирип, тирешүүдөн башка жумуш жокпу?!” – деди Төрөбаев.

Ал КСДПнын мүчөлөрүн “бир адам аркылуу парламентке келип, бир адамдын арты менен депутат болушканын” эске салды. Бажы тармагындагы коррупцияга бийликти айыптап жаткандарга иликтөөдөгү коррупциялык схема башка бийлик учурунда ишке ашканын, ал убакта Бажы кызматына Кулматов төрагалык кылып турганын да белгиледи. Кыргызстанда контрабанда толуп калганын, бул боюнча эчактан бери коңгуроо кагып келатканын да кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз