Соцтармактарга белгисиз кыздын ыр окуган видеосу тарады. “Мен сени сүйөм Бишкек, бирок ууруларды эмес…” деген саптар менен башталган ырда шаарга болгон сүйүү аркылуу жалпы өлкөнү талап-тоногон шылуун-аткаминерлерге болгон кыжыр айтылган.
Орус жана кыргыз тилинде жазылган ырда аткаминерлер: “Креслосунда отуруп алып: мен кыргыздын баласы, жолду салам, акча албайм, жерди сатпайм, калкты сактайм, көп сөз айтпайм…” деген сыяктуу убадаларды берип бирок жыйынтыгы болбой жатканы айтылган.