Пятница, 22 ноября

Качкындар акция өткөрүштү

0

Бельгияда качкындар жана качкындардын ассоциациясы алардын отурукташууга уруксат берүү боюнча кайрылуусун кароону талап кылып акция өткөрүштү.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын алдына жүздөгөн адамдар чогулушту. Алар министрликтеги качкындардын жана иммиграция маселеси боюнча жооптуу Мэгги де Блоктон качкындардын кайрылуусуна көңүл бурууну талап кылышты.

Митингчилер колуна “Качкындарга ырайым болсун”, “Биз коркунучтуу эмеспиз”, “Биз бөтөн эмеспиз” деген жазуулар жазылган плакаттарды кармап алышкан.

Акцияны Бельгиянын профсоюзу колдоого алды. Учурда Бельгияда болжол менен 150 миң качкын жашайт, көп бөлүгү Брюсселге жайгашкан. Алардын арасында отурукташууга уруксат сурап 19 жыл мурун кайрылгандар бар, бирок ушул кезге чейин жооп ала алышпаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз