2019-жылдын 24-ноябрында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан аймактар аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу “А.Ж.” кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Бул тууралуу аталган мекемеден бүгүн, 27-ноябрда билдиришти.
Андагы маалыматка караганда “А.Ж.” жалган, чагымчыл жана учурдагы бийликти жамандаган маалыматтарды социалдык тармакка жайылткан жана массалык нааразычылык акцияларын уюштурууга үндөгөн. Анын жыйынтыгында колдонуучулар арасында бири бирине аймагына карата каршы ойлор жаралып, кайым айтышуу орун алып, аймактык касташуу пайда болгон.
2019-жылдын 25-ноябрында “А.Ж.” КР Кылмыш-жаза кодексинин 313- беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (аймактар аралык касашууну козутуу) боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген.