Среда, 29 апреля

PKK Европадагы мыйзамсыз маңзат айлантууга аралашкан

0

Европалыктар жыл сайын маңзатка  €30 млрд.ддан кем эмес коротушат. 

Террордук PKK уюму Европадагы мыйзамсыз маңзат айлантууга аралашкан. Бул тууралуу Европанын наркомания жана маңзат боюнча мониторинг борбору (EMCDDA) жана Европол тарабынан даярдалган маңзатка каршы докладда айтылат.

Европалыктар жыл сайын маңзатка 30 миллиарддан кем эмес акча коротушат деп айтылат докладда.  

«Бул маңзат рыногун уюшкан кылмыштуулуктун ЕБде кирешенин маанилүү булагына айлантууда», — деп айтылат документте. 

PKK 2002-жылдан бери ЕБдеги террордук уюмдарынын  катарына кошулуу менен уюшкан кылмыштуу уюм катары да белгиленген жана Евробиримдиктин аймагында мыйзамсыз маңзат айлантуу менен алектенет деп айтылат докладда. 

Европолдун мурдагы докладдарында РККнын маңзаттан бир жылдык кирешеси 1,5тен 3 миллиард долларга чейин жетери айтылган. 

Докладда балкан багыты азыр деле ЕБге героин жеткирүүчү негизги жол болуп саналары белгиленген.  

«Ошондуктан Түркия ЕБ рыногуна героин ташууну ооздуктоочу чечүүчү ролду аткарууну улантууда», — деп белгиленет документте. 

Европада маңзат сатып алгандардын жалпы санынын 39 пайызы конопля алышат, 31 пайызы — кокаин, 25 пайыз — героин, 5 пайыз —  амфетамин жана экстази. 

Алгачкы ирет РККнын террорчулары өздөрү тууралуу 1984-жылы билдиришкен. Андан кийинки жылдары РККнын террорчулары Түркиядагы кырдаалды туруксуздаштыруу жана бөлүп-жаруу үчүн кандуу террорчулуктарды жасашкан. 

АКШ жана Европа биримдиги РККны террордук уюмдардын тизмесине киргизген. РКК террордук уюму Түркиянын мамлекеттик структураларына жана жарандарына куралдуу кол салууларды жасайт.  

Анкаранын түзүлгөн кырдаалдан жол табуу аракетине карабастан, РКК террордук уюму 2015-жылдын июлунан тартып куралдуу кол салууларды кайра жандандырды. Ал мезгилден бери 500гө жакын тынч жарандар жана 800гө жакын күч органдарынын кызматкерлери каза болушту. Күч кызматтарынын согуштук операциялардын жүрүшүндө РККнын 10 миңден ашык террорчулары жок кылынган жана камалган. 

Акыркы жылдары РКК аймактагы кандуу кылмыштар үчүн жоопкерчиликти өздөрүнүн эле ичинен түзүлгөн башка уюмдарга төңкөп коюуга аракет кылышууда. Сирияда РККнын террорчулары  PYD жана YPG деген аталыштарга жашынышууда, ал эми акыркы эки жылда өздөрүн “Сирия демократиялык күчтөрү” деп атай башташты. Иранда РКК “Күрдистандын эркин турмушу партиясы” катары иш жүргүзөт. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз