Вторник, 7 мая

«Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» Эл аралык маданий иш-чарасы жыйынтыкталат

0

«Ош – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» Эл аралык маданий иш-чарасынын расмий жабылуу аземи 30-ноябрда Ош шаарында өтөт. Ага карата жергиликтүү бийлик, калаанын борбордук аянтында маданий кече уюштуруп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Быйыл Ош шаары – “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аталып, жыл ичи бою шаарда түрк элдеринин каада-салтын, тарыхын, маданиятын чагылдырган бир топ Эл аралык иш-чаралар, фестивалдар жана спорттук оюндар өткөрүлдү. Анын расмий ачылыш аземи, 20-апрелде болуп, 10догон мамлекеттердин расмий өкүлдөрү, 500дөй коноктор менен миңдеген кыргызстандыктар катышкан.

Ош шаарына мындай макам берилишине, шаардын 3 миң жылдык тарыхы жана Сулайман-Тоонун ЮНЕСКОнун тарыхий мурастар тизмесине киргенинин таасири болгон.

Белгилей кетсек, “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” делген эстафета кийинки жылы Өзбекстандын Хива шаарына тапшырылаары белгилүү айтылып келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз