Вторник, 7 мая

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын кайсы шаарында өтөт?

0

Бул тууралуу Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуусу комиссиянын 9-жыйынында маалым болгону КРнын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланды. Анда айтылгандай, Түркия көчмөндөрдүн дүйнөлүк IV оюнун Конья шаарында өткөрүүнү пландап жатканын кабарлашкан.

Эки өлкөнүн Өкмөттөр аралык комиссияны кыргыз тараптан Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана Түркиянын Вице-Президенти Фуат Октай жетектешкен.

Түркия IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын 2020-жылы өткөрүү үчүн Кыргызстандан былтыры кабыл алган. Ага чейин бул иш-чараны 3 жолу катары менен биздин мамлекет өткөргөн.

Көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып, сактап калуу максатында, 2012-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан демилгеленип, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” деген аталыш менен алгачкы жолу 2014-жылы сентябрь айында, Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн. Ал эми көмөндөрдүн дүйнөлүк акыркы оюндарына 80 мамлекеттен 3000дей спортчу катышкан. Мелдештер 37 этноспорт оюндарынын түрүнөн болгон.    

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз