Вторник, 7 мая

Токаевдин Кыргызстанга биринчи иш сапары

0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды.

Аэропортто Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилип турду.

Мамлекеттик визиттин алкагында эки өлкөнүн президенттери жолугушуп, кызматташтыктын актуалдуу маселелери тууралуу сүйлөшөт. Ошондой эле эки коңшу мамлекеттин Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 5-жыйыны өтүп, жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Азырынча кыргыз президентинин аппараты анда кандай документтерге кол коюларын билдире элек.

Мамлекет башчылары адегенде «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барып гүл коюшту.

Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Бишкекте өтө турган ЖККУнун кезектеги отурумуна катышат. Бул Токаевдин Кыргызстанга биринчи мамлекеттик сапары.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз