Саясатчы Феликс Кулов соцтармактагы баракчасына кез-кезде философиялык ойлорду камтыгын пикирин жарыялап турат. Анын бул жолку ой жүгүртүүсү сөгүнчөөк адамдарга багытталган. Саясатчы өзү да сөгүнүүдөн артта калбаганын моюнуна алган:
“Өтө деле алыс эмес жерде эс алып жүргөндө” дээрлик сөгүнчү эмесмин. Саясатка келгенден кийин биринчи сөгүнчөөккө айландым бирок көпчүлүктүн арасында эмес. Себебин түшүндүрүштүн деле кереги жок, баары түшүнүктүү болду болуш керек деп ойлойм. Эгер баары бир түшүнө албагандар болсо түшүндүрөйүн: “бул жердеги саясат “базарын байкаштырбайт”, “базары үчүн жооп бербейт”.
Соцтармактарды карап отуруп сөгүнгөн кептердин өтө көп колдонулганына таң калам, анан калса аялдар да бул жаатта кем калышпайт экен. Кимдир бирөө актануу катары илимий-негиздеме делген макаланы көрсөттү, анда сөгүнмөй – бул чынчылдыктын белгилеринин бири деп жазылыптыр. Бул логиканы колдонсок ошондо эң бир маданияттуу адамдар калпычы болуп чыгабы? Дагы бир суроо: саясий маданият жалпы маданияттын бир бөлүгү болуп саналабы?
Мындан улам үчүнчү суроо: адептүүлүккө жакындабаган, маданият менен бирдиктүү руханий табияты жок коомчулук менен саясат өз өнүгүүсүндө прогресске жетише алабы, анын катарында экономикада дагы?
Жыйынтыгында: коомдогу дегредациясынын тезделишине кимдин салымы көп: аялдар дегредациясынынбы, же эркектердикиби? Мен бул суроолорду биринчи өзүмө берем…