Понедельник, 6 мая

Окуудан айдалган эгиздер Кытайга депортацияланат

0

Синьцзян-Уйгур автономиялык районунан Татарстанга окууга келген татар улутундагы эгиздер өткөн жылы Казан федералдык университетинен окуудан чыгарылган. Эми аларга кайра Кытайга депортациялануу коркунучу жаралды.

Казандын райондук соту ИИМдин эгиздерге убактылуу башкалкалоо берүүдөн баш тартканын мыйзамдуу деп тапты.

Бир туугандар Кытайда аларды мусулмандар үчүн “кайра тарбиялоо лагерлерине” жайгаштырып коерунан чоочулап жатышат. Алардын ата-энелери да ошол жакта болушу мүмкүн.

Балдардын адвокаты райондук соттун чечимин шаардык сотко, ага болбосо адам укуктары боюнча Европалык сотко арызданууга ниеттенип жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз