Вторник, 7 мая

Улуу Британия жана Россия: Согуш?

0

Улуу Британиянын кургак жердеги күчтөрү кокус Россия менен куралдуу кагылышуу болсо каршы тура алышпайт. Бул тууралуу Би-Би-Си жарыялады.

Коргонуу иликтөөлөрүнүн Бириккен Королдук институтунун эксперттери британиялыктарда курал-жарак, артиллериялык атуучу жабдыктар жана транспорт жаатында жетишпестик бар деген жыйынтыкка келишкен. Алар Улуу Британиянын аскерин модернизациялоону тез арада ишке ашыруу керектигин белгилешкен.

Ошондой эле эксперттер тарабынан британиялык аскердин саны тогуз жыл катары менен азайганы, а Коргонуу министрлигинин бюджетинде 7 миллиард фунтка жыртык пайда болушу ыктымалдыгы айтылган.

Бирок институттун мындай жыйынтыгына өлкөнүн Коргонуу министрлиги макул болбоду, ал Россия тараптан кол салуу болсо Британия каршы тура алаарын жарыялады.

“Европадагы коргонуу боюнча НАТОнун ири демөөрчүсү болуп турган Улуу Британиянын куралдуу күчтөрү жетиштүү камсыздалышкан, британ элине сырттан кол салуу же коркунуч болсо аларда алдыга чыгууга бардык мүмкүнчүлүк бар”, — деген аталган министрлик.

Буга дейре ноябрдын башында коргонуу иликтөөлөрүнүн швед Институту НАТОго Россия менен чек арасын бекемдөөнү сунуштаган. Институт Россиянын Прибалтикага потенциалдуу кол салуусуна альянс канчалык деңгээлде тез реакция кыла алаарын анализдеген.

Москванын АКШ, Евросоюздун мүчөлөрү жана Украина менен мамилеси 2014-жылдан баштап начарлаган. Бул Крым референдумдун жыйынтыгында Россиянын курамына киргенине байланыштуу болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз