“Республика” партиясы кийинки жылы болуучу парламенттик шайлоого өз алдынча барат. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.
Эске салсак буга дейре Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабанов кайрадан шайлоого бирге барууну сүйлөшүп жатышканы жана алардын катарына Адахан Мадумаров кире турганы жөнүндө маалымат пайда болгон. “Республика” партиясы мындай маалыматтарды четке какты.
“Ата -Журт” менен биригүү болбойт. Ушул жылдын аягында съезд өткөрүү пландалган болчу, азыр датасын белгилөө маселеси талкууланып жатат. Съездде партиянын шайлоого кандай форматта бараары аныкталат. А лидерликти Өмүрбек Бабанов өткөрүп берет же бербейт, аны өзү чечет”, — деп билдиришти партиядан.
Андагы маалыматтарга таянсак Бабанов кокус лидерликтен кетчү болсо анын ордуна эки талапкер бар: Мирлан Жээнчороев жана Руслан Казакбаев. Бул экөө тең Бабанов мандатын тапшыргандан кийин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери болушкан.