Суббота, 23 ноября

Көмүскө экономикага келерки жылы чекит коюлат

0

2020-жылы экономиканы санариптештирүү, салык жана бажы тармагын фискалдаштыруу иштери активдүү ишке аша баштайт. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев билдирди.

“2020-жылы салык жаатында бурулуш болот. Көмүскө экономиканы кыскартабыз. Учурда экономиканын 24 пайызы көмүскө болууда, айрым адистер көрсөткүчтүн мындан да көп болушу мүмкүндүгүн белгилеп жатышат. Санариптештирүү менен биз бул маселени чечебиз”, — деди өкмөт башчы.

Айтымында 1-январдан баштап күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча контрабандага бөгөт коюу максатында республикадагы бардык май куюучу майлар санариптештирилет. Учурда Кыргызстанда 975 май куюу жай бар. Алардын баары санариптештирилип, кайсы жайда майдын кайсы түрүнөн канча өлчөмдө сатылып жатканы баары базадан көрүнүп турган болот. Бул Абылгазиев белгилегендей өлкөгө жашыруун алынып келинген күйүүчү майлардын азайышына өбөлгө болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз