Суббота, 23 ноября

Саймаити боюнча депкомиссиянын курамы өзгөрдү

0

Түркияда киши колдуу болгон кытайлык ишкер Айэркен Саймаитиге байланыштуу жагдайлар боюнча иликтөөчү депутаттык комиссиянын курамы өзгөртүлдү.

Эске салсак буга чейин коомчулуктун каршылыгынан улам Искендер Матраимов менен Алтынбек Сулайманов комиссиядан чыгууга аргасыз болушкан.

Матраимовдун ордуна КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Автандил Кулбараковду кошууну сунуштады. Алтынбек Сулайманов болсо өзүнүн бош калган ордун Жаныбек Бакчиевге ыраа көрдү.

Эске салсак Саймаитинин өлүмүнө байланышкан табышмактуу жагдайлар көп. Журналисттик иликтөө кытай ишкеринин жарык дүйнө менен коштошуусуна кыргыз аткаминерлери себепкер болушу мүмкүн деген божомолго жетелейт. Ошондой эле ишкердин өлүмүнүн алдында журналисттерге ачыктаган сырларында Кыргызстандагы уюган коррупция жатат. Мунун баарын депутаттык комиссия иликтөөгө алышы керек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз