Россиянын жазуучулары жана актерлору Владимир Путинди физикалык жүз-чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзамга кол койбоого чакырышты. Президентке кайрылуу “Адам укуктары үчүн кыймыл” сайтына жарыяланды.
Кайрылуунун авторлору мындай мыйзам долбоорун асбурд жана конституцияга каршы келет деп белгилешкен.
“Бул мыйзамды иштөө шартын сотто талашуу дээрлик мүмкүн эмес. Чет өлкөлүк агент клеймосу адамды мекендештеринин алдында басынтат, ал начар эч нерсе жасабаса да башкаларга жаман ой калтырышы ыктымал”, — деп жазышкан.
Каттын түбүнө 60 адам кол койгон. Алардын арасында укук коргоочу Лев Пономарев, музыкант Андрей Макаревич, жазуучулары Дмитрий Быков жана Людмила Улицкая, басмаканачы Ирини Прохорова жана актриса Лия Ахеджакова бар.
Чет өлкөлүк агенттер боюнча мыйзам долбоору өткөн жумада Мамдума тарабынан кабыл алынган. Андан үч күн өткөндөн соң Федерация Кеңеши да жактырган. Эми документ бир гана президенттин колунан өтөт, эгер Путин кол койсо анда – артка жол жок.