Президентке импичмент жарыялоо демилгесин депутат Ирина Карамушкина көтөрдү. Ал журналисттик иликтөөдө келтирилген фактыларга, Кыргызстандан 700 миллион доллардын чыгарылып кеткенине жана бажы жаатындагы коррупцияга президентти айыптаган.
Депутат Чыныбай Турсунбеков болуп жаткан окуяларга бир гана мамлекет башчы эмес, жалпы бийлик өкүлдөрү, анын ичинде депутаттар да күнөөлүү деп эсептейт.
“Кандай болбосун президент эле эмес баарыбыз күнөөлүүбүз. Премьер-министр, өкмөт, биз депутаттар да жоопкерчиликтен кача албайбыз. Анткени аракетсиздик кылдык. Эми көп нерсе коопсуздук Кеңеши тарабынан кабыл алынган чараларга байланыштуу болот. Эгер бул талап колдоого алынса анда бул маселеге чекит коюлат”, — дейт Турсунбеков.