Мурдагы депутат Дамирбек Асылбек уулу Молдовановкадагы №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөй турган болду.
ЖАМКнын маалыматына караганда учурда соттолуучу СИЗО-1де кармалып турат жана пландалган этапты күтүүдө. Аны №27 абакка которуу боюнча чечим кабыл алынган, ал эми аны менен чогуу соттолгон дагы эки жаран Петровкадагы №8 абакка кетишет.
Эске салсак Дамирбек Асылбек уулу улуттар аралык топту түзүү жана жетекчиликке алганы үчүн айыптуу деп табылып Казакстанда соттолгон. Казак тергөөсү аталган топтун аракетинин айынан өлкө 99 миллион теңгеге чыгаша болгонун аныктаган.
Жакында 10 жылга кесилген экс-депутат жанындагы эки шериги менен кошо Кыргызстанга алынып келинген.