Суббота, 23 ноября

КР ИИМи Армения Полициясында конокто

0

25-ноябрь күнү Армения Республикасынын Полициясынын штабынын башчысы Армен Гукасян Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматынын Бакыт Сеитовдун төрагалыгы алдындагы делегациясын кабыл алды.

Конокторду жылуу тосуп алган Армен Гукасян эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын эки тараптуу кызматташууларынын, андан сырткары КМШ менен ЖККУнун алкагындагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Полицияда жүргүзүлүп жаткан реформа, түзүлүп жаткан мобилдик кайгуул кызматы, Ыкчам башкаруу борборун модернизациялоо, жол полициясына тиешелүү мыйзамдагы өзгөрүүлөр жана башка программалар жөнүндө кенен маалымат берди.

Бакыт Сеитов конокторду жылуу тосуп алышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, өз кезегинде кылмыштуулук менен күрөшүүдө эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын кызматташтыгынын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Андан сырткары Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин делегациясына Армения Республикасынын Полициясынын Маалымат жана коомчулук менен байланышуу боюнча башкармалыгынын башчысы, полициянын полковниги Ашот Агаронян жолукту. Кыргызстандан келген коноктор менен биргеликте жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланышты бекемдөө үчүн жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, социалдык тармактар менен иштөө, ЖМК менен иштөөдө ачык-айкындуулукту камсыздоо талкууланды. Андан сырткары Маалымат жана Комчулук менен байланышуу боюнча башкармалыктын ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз