Бажы кызматынын 2019-жылкы бюджети 500 миллион сомго көбөйтүлгөн. Бирок бюджет көбөйтүлсө да ишинин натыйжасы болгон жок. бул тууралуу депутат Алтынбек Жунус уулу билдирди.
“Чыгымын көбөйткөнгө жараша иште натыйжа болуп, алдыга жылышы керек эле го. А бирок жыйынтык кандай болгонун көрүп жатабыз. Аткезчилик деп каршы күрөшүмүш болгонубуз менен Таласта, Чалдоварда аткезчилик дагы деле көп”, — деген депутат бул маселеде чек ара кызматына эле ишенип отура бербей, башка кызматтарга да таянуу керектигин белгиледи.
Бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев бул жылдын он айында салык төлөмдөрү 4,5 миллиард сомго аз чогултулганын билдирди. Ага себеп катары импорттун азайганын көрсөттү. Ал эми бажы төлөмдөр боюнча көрсөткүчтү ачыктаган жок.