Эл аралык издөөдө жүргөн террорист Бераат Афшин 19-ноябрда түрк атайын кызматынын операциясынын жыйынтыгында жок кылынганын бүгүн, 28-ноябрда Түркиянын Улуттук коргонуу министрлиги жарыялады.
Medya Agit жашыруун ысымды алып жүргөн аял террорист Ирактын түндүк-батышындагы Синжар районундагы РКК башчыларынын катарына кирген. Афшин РККга 1997-жылы кошулган, 2000-жылдары Түркиянын аймагындагы террористтик ишмердүүлүккө активдүү салым кошкон.
2010-жылы ал Ирактын түндүгүндөгү Кандиль районуна жер оодарган, ал жерде террористтердин негизги базасы болгон. Ал эми 2014-жылы РКК — YJA-Star аялдар канатын жана Синжар районундагы согушкерлердин аялдар бөлүгүн башкарган.
РКК террористтери тууралуу биринчи жолу 1984-жылы белгилүү болгон. Андан кийинки жылдары РКК террористтери кандуу теракттарды жасашып, Түркиядагы кырдаады дестабилдештирүүнү, бөлүп-жарууну максат кылышкан. АКШ жана Европалык биримдик РККны террористтик уюмдардын катарына киргизишкен. Бул уюм Түркиянын мамлекеттик түзүмүнө жана жарандарына куралдуу кол салууларды уюштурган.
Анкаранын бул кырдаалдан чыгуу жолун издөө аракетине карабастан РКК террористтик уюму 2015-жылдын июль айында куралдуу кол салууну жандандырган. Ошол убактан тартып 500гө жакын жай тургундар жана коопсуздук күчүнүн 800дөй кызматкери курман болгон.
Операциянын жүрүшүндө коопсуздук күчү 10 миңге жакын террористти жок кылып жана камакка алган.