Воскресенье, 19 мая

50 сом үчүн адам өмүрү кыйылды

0

Аламүдүн райондук соту М.Б. аттуу жаранды киши өлтүрүүгө айыптуу деп таап, 14 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылган.

Андагы маалыматка караганда М. Б. “Төмөнкү Ала-Арча” конушундагы мал базарында иштеген. Маркум менен да ошол жерден таанышкан. Чыр койдун башынан улам келип чыккан.

“Мен мал базарында иштечүмүн. Ж.Ж ошол күнү келип койду сойдурду, анан койдун башын тазалап берүүмдү өтүндү. Мен бул үчүн 50 сом акы алчумун. Койдун башы жакшы тазаланбай калган экен Ж. Ж. акчасын кайра талап кылды. Экөөбүз уруша кетип, мен аны далыга соктум, андан кийин бизди ажыратып коюшту. Бир канча убакыттан кийин келип кайрадан мени кемсинтип баштады. Чыдабай кетип бычак менен биринчи артына, анан боор тушуна сайып жибердим”, — деген көрсөтмөсүндө айыпталуучу.

Ал маркумду өлтүрүүнү көздөбөгөнүн баары ачууга алдыргандан болгондугун белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз