Воскресенье, 19 мая

Кыргыз жигити  Бангладештеги рохинжа мусулмандарына таза суу чыгарып берди

0

Кыргызстандык Альберт Токторбаев Бангладештеги рохинжа мусулмандары турган лагерге таза суу чыгартып берди. Ал 27-ноябрда пайдаланууга берилди. Бул тууралуу анын туугандарынын бири Муртаза Жолдошев билдирди.

Буга чейин белгилүү болгондой, миңдеген рохинжа мусулмандары Мьянма Өкмөтүнүн куралдуу кысмагынан улам, Бангладешке качып өтүп, баш паанек алышкан болчу. Алар ушул кезге чейин ошол лагерде жашап келишет. Аларга тамак-аштан чырткары, таза сууга өтө муктаж болуп келишкен.

Эске салсак, буга чейин Альберт Токторбаев Африканын Нигер мамлекетинин суу таңкыс болгон “Майли Май 2” айылынын жашоочуларына да таза суу чыгартып берген. Ал чыгарылган таза суу айылда жашаган 150 тургунга кызмат кылат. Мурда бул айылында ичүүчү таза суу такыр болгон эмес.

Ош шаарында туулуп өскөн Альберт Токторбаев 10 жылдан ашык убакыттан бери Түштүк Корея республикасында жашайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз