Воскресенье, 19 мая

Атамбаев адатын карматты

0

Мурдагы президентти сотко мажбурлоо түрүндө алып келишкени айтылууда. Бирок анда да жеңилбеген Атамбаев сот залына баруудан баш тартып учурда конвой бөлмөсүндө отурат.

Бүгүн Биринчи май райондук сотунда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот процесси болууда. Адвокат Сергей Слесаревдин айтымында Атамбаевди мажбурлап алып келишкен. Бирок мурдагы президент дагы баштагыдай каршылык көрсөтпөй келген.

Адвокаттын айтымында Атамбаев жаш желдеттерге маселе жаратпоо үчүн каршылык кылган эмес. Бирок сот залына чыгуудан баш тарткан.

Эске салсак Атамбаев камалган күндөн тартып сот процессине катышуудан баш тартып келатат. Ал камерасынан чыкпай, суракта жооп бербей өзүнө карата жасалган мамилеге нааразычылыгын билдирип жатканы айтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз