Воскресенье, 19 мая

ЕАЭБден Кыргызстандын экономикасы өстүбү же чөктүбү?

0

Евразия экономикалык биримдигиндеги беш жыл жаш өлкөлөр Кыргызстан менен Армениянын экономикасынын өсүүсүнө өбөлгө болгон. Бул тууралуу Россиянын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Михаил Бабич “Евразия экономикалык интеграция” конференциясында билдирди.

Ал белгилегендей ЕАЭБ учурдун толук кандуу долбоору.

“Анда ишкерчиликти өнүктүрүүгө, инвестициянын жана капиталдын агымын, жумушчу күчтү турукташтырууга шарттар бар. Биримдиктин артыкчылыгы глобалдуу рынок жана 185 миң адам.. ЕАЭБдин өлкөлөрү бүгүнкү күндө интеграция процессинде жаралган тоскоолдуктар менен ийгиликтүү күрөшүп калды”, — деди Михаил Бабич.

Эске салсак айрым кыргызстандык эксперттер ЕАЭБдин Кыргызстанга пайдалуу болбогонун айтышууда. Өлкөлөр арасында товар жүгүртүү жеңил болот делинген биримдик иш жүзүндө тескерисинче болуп жатканын белгилешкен. Мисалы Кыргызстанга товар киргизүү оңойлоштурулганы менен Кыргызстандан сыртка чыгаруу дагы деле кыйынчылык менен коштолот. Ошондой эле күйүүчү май менен камсыз кылуу процесси дагы баштагыдай эле көйгөй жаратып келет. Кээ бир депутаттар Кыргызстандын ЕАЭБден чыгуусун да сунуштаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз