Түрк дүйнөсүнүн борбору – Ош шаарында быйыл Эл аралык чоң иш-чаралар көп өтөт
Кыргызстандын Ош шаары — 2019-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп аталган. Бул макамды ийгиликтүү өткөрүү боюнча реалдуу даярдык иштери башталды. Анын алкагында иш-чараларды талкуулаган жыйындар Ош шаарынын мэриясында өтүүдө. Планда көрсөтүлгөндөй, ачылышы апрель айына пландалып, жогорку деңгээлде өткөрүү керектиги айтылууда.
Түрксойдун жыйналыштары менен Эл аралык иш-чаралар Ош шаарында ушул жылдын апрель айынан тарта өткөрүлө баштайт. Негизинен буга канчалык даярдыктар бар экенин билүү үчүн президенттин кеңешчиси Султан Раев башында турган уюштуруу топ кеңешме өкөрүштү. Буга чейин бул жылды татыктуу өткөрүү боюнча интеллигенция өкүлдөрү иш-чаралардын атайын тизмесин тактап, сунуштамасын беришкен. Анда негизинен Түрк өлкөлөрүнөн келүүчү конокторго ай сайын атайын иш-чараларды өткөрүп туруу пландалган.
Ага ылайык, ушул жыл ичи шаарда түрк элдеринин каада-салтын, тарыхын, маданиятын чагылдырган бир топ Эл аралык иш-чаралар, фестивалдар жана спорттук оюндар өткөрүлмөкчү.
Театр фестивалын, кол өнөрчүлөрдүн «Оймо» фестивалы, акындардын эл аралык айтыштары, улуттук оюндар жана эл аралык илимий-практикалык конференциялар боло тургандыгы пландалууда.
Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп табылышына 3 миң жылдык тарыхы жана Сулайман-Тоонун ЮНЕСКОнун тарыхий мурастар тизмесине киргенинин таасири болду. Андыктан туристтерди тартуучу маданий иш-чаралардын басымдуу көпчүлүгү Сулайман-Тоонун айланасында өткөрүлмөй болууда.
Түрк өлкөлөрүнөн миңдеген коноктор чакырылчу иш-чараларга чоң суммадагы каражаттар керектелээри белгилүү. Ош шаарынын каржы маселесине республикалык бюджеттен да көмөк көрсөтүлө турган болууда.
Белгилей кетсек, “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” делген эстафета кийинки жылы Өзбекстандын Хива шаарына тапшырылаары белгилүү болду.