Вторник, 7 мая

Россияда ракты айыктырган жаңы дары жасалды

0

Россияда ракты айыктырган жаңы дары жасалды
Бул каражат көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга шарт түзөт.
Россиялык окумуштуулар ракты дарылай турган жаңы дары ойлоп табышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, бул каражат залалдуу шишикти иммунотерапия жолу менен дарылоого жардам берет.
Иммунотерапия — онкологиялык ооруларды дарылоонун жаңы ыкмасы. Мындай ачылыш жасаган АКШлык жана япониялык окумуштуулар 2018-жылы Нобель сыйлыгына татыган.
“2019-жылы каттоодон өткөрүлөт деп турган бул каражат Америка менен Япониянын окумуштуулары тарабынан ойлоп табылган. Препарат нобель сыйлыгына татыгын башка дарылардын аналогу эмес. Тескерисинче, андан дагы күчтүүрөөк, жаңыраак десем болот”, — деди Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин иммунологу Алексей Новик.
Анын айтымында, бул дары рак илдетин дарылоону бир топ жеткиликтүү кылып, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга шарт түзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз