Понедельник, 25 ноября

Лондондо кайрадан теракт болду

0

Лондондогу көпүрөдө кечээ, 29-ноябрда кезектеги теракт капталды. Анда бычак кармаган киши өтүп бараткан жарандарга кол салган.

Кол салуунун жыйынтыгында бир нече адам жараат алып, эки адам алган жараатынан коз жумган. Дагы бир жарадардын акыбалы оор. Анын денесинен жардыруучу заттын муляжы табылган.

Британиялык полициянын терроризмге каршы бөлүмүнүн башчысы Нил Басу кол салган адамдын максаты азырынча аягына чейин аныктала электигин бирок бул окуяны полиция теракт катары сыпаттаарын жарыялады.

Жарандарга бычак шилтеген киши буга чейин соттолгон жана терроризмге байланыштуу айып менен жаза мөөнөтүн өтөгөн. Кечээ түнү полиция ал кишинин атын ачыктады – ал 28 жаштагы Усман Хан. 2012-жылы кесилген, 2018-жылдын декабрында шарттуу түрдө эрте эркиндикке чыгарылган. Буга чейин Англиянын борбордук бөлүгүндө жашап келген.

Лондон-бридж көпүрөсү борбор калаанын эл эң көп каттаган аймагы. 2017-жылы да бул жерде сегиз адамдын өмүрүн алып, жүздөгөн адамды жарадар кылган ири теракт болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз