Пятница, 22 ноября

Асановдун аялы да сурак берди. Эмнеге?

0

ИИМ министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун да аялы Аскер прокуратурасында сурак берди.

Адвокат Таалайгүл Токтакунованын айтымында Күлнара Усенканованы канча фирмасы бар жана салыкты кандай өлчөмдө төлөйт — тактоо максатында суракка чакырышкан. Ошондой эле Усенканова күйөөсүнүн бизнестерин өзүнө жаздырып алдыбы же жокпу – бул да тергөөчүлөрдү кызыктырган.

Таалайгүл Токтакунова “Kyrgyz.newsка” Асановдун ишине анын жубайынын көрсөтмөсүнүн такыр тиешеси жоктугун белгиледи. Анын пикиринде тергөө эч нерсе таба албай калгандыктан минтип жубайына чейин суракка ала баштады.

Эске салсак Курсан Асанов “милициянын кызыкчылыгын сатканы жана ишенимден чыкканы үчүн” кызматтан алынган. Андан соң Аскер прокуратурасы тарабынан “кызмат абалынан кыянаттык пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз