Суббота, 4 мая

Бишкек мэриясы Ала-Тоо конушундагы мектептин курулушун 12 млн. сомго жогорулаткан

0

Бишкек мэриясы Ала-Тоо конушундагы мектептин курулушун 12 млн. сомго жогорулаткан
Бишкек шаарынын прокуратурасы УКМКнын коррупцияга каршы кызматы менен биргеликте борбор калаадагы Ала-Тоо жаңы конушундагы орто мектепти курууда аткарылган иштердин көлөмү негизсиз жогорулаткан фактылар боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайты билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин айрым кызмат адамдары мыйзамдардын талаптарын, курулуш ченемдерин жана эрежелерин, аталган курулуш подрядынын келишимдериндеги шарттарын жана милдеттенмелерин бузушканы аныкталган.
Алсак, жогоруда көрсөтүлгөн кызмат адамдары курулуш иштеринин көлөмдөрүн жана материалдардын жалпы суммасын 12 млн. 160 миң 641 сомго негизсиз жогорулаткан. Анын натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, азыркы учурда материал Кыргыз Республикасынын УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Тергөө бөлүмүнө тергөөгө чейинки текшерүүнү уюштуруу үчүн өткөрүлүп берилди.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдор учурда коррупция беренелери боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагында отурушат. К. Кулматовго Кытай гранты менен курулган борбор калаадагы эки мектептин курулуш баасын бир нече миллион сомго көбөйткөндүгү үчүн айып коюлууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз