Воскресенье, 19 мая

Шаршемби күнү автоунаасыз жөө жүрүүгө макулсузбу?

0

Акыркы убакта Бишкектин үстүн коюу түтүн каптап адамдардын ден соолугуна кедергисин тийгизип жатканы тууралуу талкуу көбөйдү. ЖЭБден, автоунаалардан жана жер үйлөрдүн морунан чыккан түтүн шаардын абасын такыр эле булгап салганы айтылган. Буга байланыштуу абаны тазалоонун бир катар ыкмалары сунушталып келатат.

Анын бири катары жарандык активист Константин Конкин жуманын бир күнүн автоунаасыз жүрүүгө шаардыктарды чакырды.

“Келгиле, бир күн, мисалы шаршембини автоунаасыз күн кылабыз. Шаарыбыз чакан. Бир жарым саатта жетчү жериңе жете аласың, анан да коомдук транспорт бар. Бул экологияга кандай таасир берээрин байкаштыралы”, — деп жазды соцтармактагы баракчасына.

Колдонуучулардын көпчүлүгү бул сунушту кабыл алып, бир даары ансыз деле көптөн бери автоунаасын токтотуп, жөө жүрмөйгө өткөнүн жазса, кээ бирлери “ушул да болмок беле” дегендей пикир калтырышты.

“МувГрин” экологиялык кыймылы Бишкекке абаны текшерүүчү бир нече датчик орноткон. Анын байкоосунда шаарда күн сайын абанын булганышы өөрчүп баратат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз