Воскресенье, 19 мая

Феминизм Жангарачеваны ишсиз калтырды

0

Мира Жангарачева Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директорлугунан кетти. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда Жангарачева кызматтан кетүүгө өз каалоосу менен арыз жазган, ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги арызды кабыл алды.

Cүрөт музейине феминисттердин иш чарасын өткөрүүгө жол берген Жангарачева коомчулуктун нааразычылыгына орой жооп кайтарган. Ал музейдеги жылаңачтанган айымдарга акаарат келтирген адамдарга: “Силер аялдын денесин гана көрдүңөр. Көзүңөргө биринчи дене гана көрүндү, анын жандүйнөсүн адаттагыдай көрө албадыңар”, — деген сыяктуу жооп берген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз