Воскресенье, 19 мая

“Кумтөрдөгү” окуя өкмөт башчысынын көзөмөлүндө

0

Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөрдүн жоголду делген кызматкерлерин издөө үчүн бардык күчтөрдү мобилизациялоону, зарыл болсо издөөгө катышкандардын санын көбөйтүү жана окуянын себептерин иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Эске салсак 2019-жылдын 1-декабрында эртең мененки 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган. Ошол учурда аймакта тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Тоо кен бөлүмүнүн мастерлери диспетчерлерге үйүлгөн катмардын жылганы тууралуу маалыматты бергенден кийин, токтоосуз тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн бардык кызматкерлерине коопсуз аймакка эвакуациялоо тууралуу сигнал берилген. Бирок баары коопсуз аймакка келишкенден кийин мастер О. Ишенбеков менен машинист Ж. Жунушовдун жок экендиги билинген. Ошондон бери бул эки кызматкер дайынсыз болууда, рацияга да жооп беришкен эмес.

Учурда кооптуу аймакка техника менен кызматкерлердин баруусу толугу менен токтулган. ӨКМ кызматкерлери издеп табуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат. Ошондой эле окуя боюнча териштирүү башталып, кендин үйүлүп турган жараксыз катмарынын жылышынын себептери тиешелүү адистер тарабынан иликтенип жатат.

Окуядан кийин кенде өндүрүштүк процесс толук бойдон токтотулган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз