Вторник, 17 сентября

Батыш Гүлен террорчуларынын коркунучун танууда

0

Түркия ИИМнин жетекчиси Батыш өлкөлөрүн Фетуллах Гүлендин террордук уюмун колдогондугу үчүн сындады.

Түркиянын ИИМ жетекчиси  Сулейман Сойлу АКШ бийлигинин Анкаранын “Параллелдүү мамлекет” деп аталган террордук уюмдун башчысы Фетуллах Гүленди өткөрүп берүү тууралуу кайрылуусун кароону создуктурган  позициясын сындады. 

“Кылмыштуу уюмдун жетекчиси азыр деле АКШда жашап жатат, ал эми террорчулардын каржы булактары ооздукталган жок. Анкаранын террорчулардын жүргөн жери тууралуу жакшы маалыматы бар жана алардын кайсыл булактардан каржыланып жаткандыгын да билет. Бул жагдай америкалык тарапка деле белгилүү”,- деди түркиялык министр жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде.  

Сойлунун айтуусунда, Гүлендин тарапкерлеринин кылмыштуу аракеттери тууралуу Батыштын башка өлкөлөрү да, айрыкча Германия эң сонун билет. “Түркиянын 251 жаранынын өмүрүн алган 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетине тиешеси бар адамдар бүгүн да Европа өлкөлөрүндө коргоого алынууда”,- деди ИИМ башчысы.

Мындан тышкары Сойлу түрк тарапка Гүлен уюмунун башчыларынын бири – “Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн имамы” деп аталган Адил Оксүздүн жүргөн жери да белгилүү экендигин айтты. 

Түркия ИИМнин башчысы андан ары Түркиядагы Гүлен уюмунун калган мүчөлөрүнүн кайрадан баш көтөрүү аракетин күтпөй тургандыгын белгиледи.

Гүлен кыймылынан турган Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин тобу 2016-жылы 15нен 16-июлга караган түнү өлкө бийлигин куралдуу жол менен басып алуу аракетин көргөн.

Хунтанын бул аракети өлкө жетекчилигинин жана укук коргоо органдарынын, ошондой эле катардагы жарандардын чечкиндүү аракети менен ооздукталган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз