Вторник, 17 сентября

Музейдеги жылаңачтык эмнеге алып келди? (видео)

0

Мен кызматтан кетүү боюнча арызымды өз эрким менен жаздым, министрлик жактан басым болгон жок”, – деп билдирди Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин мурдагы директору Мира Жангарачева.

 “Музейге келип көрбөгөн, искусствону түшүнбөгөн адамдардын басымында калдым. Кыргызстанда өтө курч маселелер барынан алардын кабары жокпу?– деген Жангарачева өзү кызматтык жолунда жалаң гана аялдардын укугун коргоп келгенин белгиледи.


Ал эми Саясатчы Камчыбек Ташиев, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги чуулгандуу көргөзмө тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасында мындай деп билдирди:

“Урматтуу уюткулуу Кыргыз элим!
Бизди, мамлекетти, кыргызды ичинен ириткен ушул акмактар, гей-пей, ошолорду баштаган колдогон Роза Отунбаева башында турган жана чоң кызматтарда иштеп жүргөн бир топ адамдар жок кылат!– деп жазды.


Чечинип алып денесин көрсөтүп, ич кийимин музейге илгендерди колдоп барган Роза Отунбаева “экс-президенттик” макамынан ажыратылсын! –деп коп аялдуулукту пропагандалап жургон Назира Бегим да озунун ойун соц тармактагы баракчасында билдирди. 


Бишкектеги Тарых музейинде бир канча күндөн бери болуп жаткан жана алдыда дагы бир канча күнгө уланчу феминисттердин иш чарасына Маданият, маалымат жана туризм министрлиги чара көрмөй болду.

Бул тууралуу аталган министрдин орун басары Нуржигит Кадырбеков маалымат каражаттарына билдирди.

“Бул иш чара кыргыздын наркына, салтына туура келбейт. Ушундай көрүнүш орун алганы абдан өкүнүчтүү. Менин дарегиме айтылып жаткан терс пикирлерди окуп уялдым. Феминалленилердин иш чарасын атайын түзүлгөн комиссия иликтеп, баасын берет. Чара көрүлөт”, – деди министрдин орун басары.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз