Воскресенье, 19 мая

Трамп импичмент боюнча угууларга катышпайт

0

АКШда 4-декабрда Өкүлдөр палатасындагы импичмент боюнча угууларга болмок. Бирок ага президент Дональд Трамптын катышпай турганы белгилүү болду.

Ак үйдүн юридикалык кеңешчиси Пэт Чиполлоненин сот комитетинин төрагасы Жеррольд Надлерге жөнөткөн катында “бул иш боюнча күбөлөр ачыкталмайынча угууларга катышпай турганы” белгиленген.

Анын айтымында сот комитетинин президентти адилеттүү процесс менен камсыз кылышы белгисиз. Ошондуктан Трамп шаршембидеги угууларга катышпайт.

“Дональд Трамп НАТОнун жыйыны үчүн Лондонго бара турган күнгө угуулар белгиленген. Демократтар атайылап ушул күндү тандап алышты”, — деп жазылган катта.

4-декабрда Өкүлдөр палатасынын Юридика жана сот комитеттеринде Трампка импичмент жарыялоого конституциялык негиз бар-жоктугу талкууланат. Бул үчүн Конгресске конституциялык укук боюнча юристтер менен эксперттер чакырылган.

Трамп 2020-жылы өтө турган шайлоодогу ыктымал атаандашы Жо Байденге зыян келтирүү үчүн Украинанын жетекчилигине басым жасаган деп айыпталууда.

Президент демократтардын айыптоолорун четке кагып, ага каршы башталган импичмент жараянын «америкалык саясаттын тарыхындагы эң чоң алдамчылык» деп атаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз