Воскресенье, 19 мая

Сириядан Түркияга өткөн жашыруун өтмөк жабылды

0

Сириялык Расулайн районундагы РКК / YPG террористтери тарабынан жасалган жашыруун өтмөк кайрадан колдонууга мүмкүн болбой турган акыбалга келтирилип жабылды. Бул тууралуу Түркиянын Улуттук коргонуу министрлиги маалымат таратты.

Түркиянын Куралдуу күчтөрү Расулайн районун тазалоо боюнча иштерди жүргүзүүнү улантууда.

Шаардагы мектептердин биринен башталган өтмөктөр тармагы жараксыз акыбалга келтирилди.

Мектептен жана ага катарлаш жайгашкан имараттардан башталган өтмөктөрдү эми колдонууга мүмкүн эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз