Понедельник, 25 ноября

Башкы прокуратура “жалган афганчыларды” аныктоону улантууда

0

Башкы прокуратура “жалган афганчыларды” аныктоону улантууда
Башкы прокуратура ведомстволор аралык комиссия тарабынан сегиз жылда 129 млн. сом төлөнгөн акча каражатын алып, мыйзамсыз жеңилдиктерди пайдаланган адамдар боюнча аныкталган жана алар тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган интернет-макала жөнүндө маалымат берди. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынын коомчулук менен байланыш кызматы билдирүү таратты.
Азыркы учурда аскер прокуратурасынын органдары тарабанын аскер комиссариаттары Афганистан согуштун катышуучулары катары мыйзамсыз каттоого алуу фактылары боюнча текшерүүлөр жана тергөө амалдары жүрүп жатат. Мындай фактылар Ош шаарында, Ноокат, Кадамжай, Кара-Суу райондорунда жана Чек ара кызматында аныкталып, алдын ала саноо боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 29 294 000 сомду түзгөн.
Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча аскер прокуратурасы тарабанын 49 адамга карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 166-(Алдамчылык), 304-(Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315 (Кызматтык жасалмачылык) жана 350-(Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) беренелери менен 7 жазык иши козголгон.
Белгилей кетүүчү жагдай, ведомстволор аралык комиссия тарабынан жеңилдиктер берилген калган адамдар боюнча текшерүү улантылууда. Алардын Афганистандагы согуштук иш-аракеттерге катышуусун ырастоо үчүн өз учурунда Россиянын, Өзбекстандын, Украинанын жана мурдагы СССРдин жана башка мамлекеттердин архивдерине тийиштүү суроо-талаптар жөнөтүлгөн. Тийиштүү архивдик маалымкаттар келип түшкөндө, кийин алар боюнча укуктук баа берилет.
Кошумчалай кетүүчү жагдай, маалымат каражаттарында бир эле Афганистандагы согушка эмес, Чернобыл кырсыгын ооздуктоо ишине да катышкандыгы тууралуу жалган күбөлүк алып, мамлекеттен көп жылдар боюу акчалай жардам алып, коомдук транспортто бекер жүрүү, коммуналдык төлөмдөрдө жеңилдиктерден пайдаланып жүргөндөр боюнча айтылып, жазылып келет. Мындай күбөлүк тиешелүү мамлекеттик министрлик, ведомстволор тарабынан берилет. Демек, ал мекемелерде иштегендер мындай күбөлүктөрдү акчага жасап бериши мүмкүн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз