Четверг, 18 апреля

Ананьеводо көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоого шектүү аныкталды

0

Ананьеводо көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоого шектүү аныкталды
«Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалап кеткен» деп жергиликтүү тургундардын бири шек саналууда. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Замирбек Турсунбеков маалымат каражаттарына билдирди.
Анын айтуусунда, көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоо айыл тургундарынын жеке пикир келишпестигинен улам келип чыккан. Мурдагы маалыматтарда айтылгандай, бул окуяга диний көз караштар себеп болгон эмес. Учурда милицияда тергөө иштери жүрүп жатат.
Быйыл 11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган 91 эстеликти талкалап кеткен болчу. Көрүстөндүн жалпы аянты 1,5 гектар аянтты түзөт.
Бул окуянын кимдер тарабынан жасалганын аныктоо боюнча Өкмөт башчы М. Абылгазиев ички иштер органдарына тапшырма берген болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз