Вторник, 17 сентября

Дайынсыз кеткен кызматкерлер табыла элек

0

Кумтөрдүн дайынсыз болуп жаткан кызматкерлери дагы да табыла элек. Аларды издөө иштеринен жыйынтык чыкпады. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Андагы маалыматка караганда учурда дайынсыз болуп жаткан эки кызматкерди издөөдө 92 куткаруучу иштеп жатышат.

Эске салсак 1-декбарда “Кумтөр” кенинде Лысый мөңгүсүнүн түндүк бөлүгү капысынан жыла баштаган. Компания тоо-өндүрүш бөлүмүнүн коркунучтуу аймакта иштеп жаткан кызматкерлерин тез арада эвакуациялаган. Аны менен катар тоо иштерин шашылыш токтоткон. Бирок коопсуз аймакка бардык эле кызматкерлер келе берген эмес. Арасынан бульдозердун айдоочусу менен түнкү мөөнөттө турган мастер кайтпай калган.

Дайынсыз кеткен кызматкерлерди издөөгө бүгүн үчүнчү сутка болот. Өкмөт башчы кызматкерлерди табууга бардык чараларды колдонууга тапшырма берген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз