Суббота, 23 ноября

Насвай саткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн

0

Россияда табактын түтүн чыгарбаган бир катар түрлөрүнө, тагыраак айтканда снюс менен насвайды дүңүнөн жана чекене сатууга кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталды. Мындай демилгени Мамдуманын билим берүү жана илим комитетинин төрагасынын орун басары Борис Чернышев көтөрдү.

Бул боюнча ички иштер министри Владимир Колокольцевге жазылган кат орусиялык басылмаларда жарыяланды.

Анда айтылгандай Россияда снюс менен насвайга административдик жоопкерчилик салынганына карабастан акыркы айларда бул заттарды колдонуудан уулангандардын катары көбөйдү.

Чернышев табактын бул түрлөрүнө ууланып каза тапкан өспүрүмдөрдүн окуялары да белгилүү экенин кошумчалаган.

“Россияда снюс төрт жыл мурда легалсыз болуп калган, аны сатууга айыппул 60 миң рублга белгиленген. Снюстун сыртында анда кандай уулуу заттардын курамы бардыгы жазылбаган. Ушул эле нерсе насвайга да, сагыз сыяктуу чайналып, шилекей аркылуу организмге сиңген жана күчтүү көз карандуулукту пайда кылган башка табакка да тийиштүү”, — деп жазган Чернышев кайрылууда.

Депутаттын пикиринде мындай аралашмадагы табактарды жарнамалоого тыюуу салуу керек жана снюс менен насвай ташыган, саткан физикалык жана юридикалык жүздөргө кылмыш жоопкерчилигин кароо зарыл.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз