Вторник, 17 сентября

Ирандагы акцияларда курман болгондордун саны кескин өсүүдө

0

Ирандагы нааразычылык акциялары учурунда 208 киши каза тапты. Бул өлкөдө жарандар күйүүчү майдын кымбатташына каршы митингге чыгышкан.

“Эл аралык мунапыс” иликтөө бөлүмү билдиргендей каршылашуудан 208 адам өмүрү менен кош айтышты, бирок Батыш маалымат булактары курман болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүндүгүн айтууда. «Нью-Йорк таймс» гезити 450 киши каза тапканын жазды.
Тегеран шаарында ондогон демонстранттар көз жумган.

Өткөн жумада “Эл аралык мунапыс” Ирандагы демонстрацияда 161 адам курман болгонун жарыялаган. Анын маалыматына караганда жарандар коопсуздук кызматынын ок атуусунан улам каза тапканын тастыктаган видеожаздыруулар, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар. Укук коргоочулар “Эл аралык мунапыс” тарабынан текшерилген видеожазууларда куралсыз кишилерге ок атылган учурлар бар экенин билдиришүүдө.

АКШнын санкциясынын таасиринин алдында ансыз да катаал экономикалык кырдаалды кечирип жаткан Иран эли 15-ноябрда өлкөдө күйүүчү май үч эсе кымбаттаганы жарыялангандан кийин каршылык акцияларына чыга башташкан.

Көптөгөн шаарлардагы коомдук имараттар, банктар, күйүүчү май станциялары жана базарлар талкаланды, 7 миңге жакын адам камакка алынды.

Маалыматтарга караганда, иран бийлиги курман болгондордун туугандарына эскертүү берип, журналисттер менен сүйлөшүүгө, аза күтүү зыйнаттарын өткөрүүгө тыюу салган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз