Вторник, 17 сентября

Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы

0

Өткөн жумада Каракол шаарынын Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драмалык театрында «Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы» аттуу Форум өткөрүлдү. Аны КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын жана Ысык-Көл облусунун ИИБнин демилгеледи.

Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы Д.Суюнов, Акыйкатчылыктын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Ө.Тамаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү М.Ногойбаев, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Эсен уулу У., Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү Сайпиев Билал ажы, Ысык-Көл облусунун тургундары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Форумда Жаштар арасындагы диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, мамлекттик органдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана коомдук бирикмелердин диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуудагы кызматташтыгы жөнүндө маселелер каралып, катышуучулар тарабынан кызуу талкууга алынды.

Форумдун катышуучулары үчүн К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Кыял Асаналиева жетектеген “Жалын” элдик театрынын жамааты тарабынан диний экстремизмге каршы күрөшүү тууралуу театралдаштырылган пьеса коюлуп, көрүүчүлөр тарабынан өтө жылуу кабыл алынды.

Төкмө акын Э. Кийизбаев жаштарга кайрылып, алардын келечектин ээлери экендигин ооз эки ырында айтып, Ата-Мекенди сүйүүгө, өз элинин патриоту болууга үндөө менен кылмыштуулукка, анын ичинде диний экстремисттик, террористтик уюмдарга, алардын башчыларына биргелешип каршы турууга үндөдү.

Форумдун жыйынтыгында Резолюция кабыл алынып, анда диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүдө, алардын алдын алууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ысык-Көл облусунун ИИБнин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, Ысык-Көл облустук казыятынын жана райондук имам-хатибдеринин милдеттери белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз