Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Мира Жангарачеваны музейдин директорлугуна кайра дайындашы мүмкүнбү? Буга чейин бир катар учурдагы жана эск-депутаттар, музейдин эмгек жамааты, сүрөтчүлөр Бирикмеси министрге жана президентке Мира Жангарачеваны кызматына кайтаруу суранычын келтиришкен.
Азамат Жамангулов Жангарачеванын кайрадан директор болуу мүмкүнчүлүгү бардыгын белгилейт. Айтымында жакын арада министрлик Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинин директорлугуна талапкерлерди карап, тийиштүү чечим кабыл алат. Мына ошондо музейдин директорлугуна талапкер катары Жангарачеванын да документ тапшырууга укугу бар.
Жамангулов Жангарачеванын мыкты кызматкер экенин белгилеп, директорлукка өзү сунуштаганын айткан. “Эгер музейдеги окуя болбогондо башка директор караштыруунун кажети жок болчу”, — деген кейишин да жашырган эмес.