Воскресенье, 24 ноября

Еврей окумуштуулары Франциянын мыйзамына каршы

0

Еврей окумуштуулары Франциянын Улуттук курултайын (парламент) антисионизм антисемитизмге теңдешкен мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды.

Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү жана Израилдеги университеттердин 127 еврей окумуштууларынын колу коюлган ачык кат франциялык Le Monde гезитине жарыяланды.

Катта антисемитизм менен күрөш маанилүү экени белгиленген жана каттын авторлорунун көз карашында бул антисионизмге эч кандай байланышта эмес.

Окумуштуулар Франциянын парламентин аталган мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырды, анткени “анда антисионизмди легитимдүү деп эсептөөгө негиздер бар”.

Окумуштуулар антисионизмди мыйзамга каршы көрүнүш катары эсептөө туура эмес дешет.
Антисемити́зм —еврейлерге этникалык же диний топ катары каршылашуу мамилени билдирген улуттук формалардын бири.

Антисиони́зм — ар кандай еврейлик, идеялык, диний агымдардын, саясий уюмдардын, коомдук институттардын идеологиялык жана практикалык каршылык көрсөтүүсү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз